Бишкекете күйөөсү аялын жана 6 айлык баласын сабаган
RU

Бишкекете күйөөсү аялын жана 6 айлык баласын сабаган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эркек киши аялы менен алты айлык баласын катуу сабап салган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, 24-февралда кечинде Полевой көчөсүндө жашаган үй-бүлөдө зомбулук катталганы тууралуу милицияга билдирүү түшкөн. Анда күйөөсү аялын сабап келгенин, бирок бул жолу аялынан тышкары алты айлык баласына да зыян келтиргени аныкталган.

Аял баш мээсинен жана денесинин жаракат алып, Улуттук госпиталдын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Алты айлык бала балдардын тез жардам ооруканасына (3-шаардык балдар ооруканасы) жаткырылган, ага баш сөөктүн сыныгы деген диагноз коюлган. Мындан тышкары денесинде көгала тактар калып, териси сыйрылган.

Кылмышка шектелип 1988-жылы туулган жаран кармалды.

Сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10515