Президент администрациясында иштегендердин санын 72ге кыскартты
RU

Президент администрациясында иштегендердин санын 72ге кыскартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен президенттин администрациясынын түзүмү жана штаттык саны оптималдаштырылды. Бул туурасында президенттик аппараттан кабарлашат.

Бул чечим чечимдерди кабыл алуу процессинин эффективдүүлүгүн, натыйжалуулугун жана оптималдаштыруусун жогорулатуу, ошондой эле республикалык бюджетти натыйжалуу пайдалануу максатында кабыл алынды.

Чечимге ылайык, президенттин администрациясынын жалпы штаттык саны 72 штаттык бирдикке кыскартылып, 259 адамды түздү.

Жүктөлгөн функцияларды рационалдуу аткаруу максатында айрым түзүмдүк бөлүмдөр кайра түзүлдү жана бириктирилди, бир катар кызматтар жоюлду.

Ошону менен бирге бошотулган штаттык бирдиктердин эсебинен аймактарды өнүктүрүү маселелерине жооптуу, ошондой эле ар кайсы чөйрөлөрдө иштин абалына ар тараптуу талдоо жүргүзгөн түзүмдүк бөлүмдөр күчөтүлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11320