"Кыскартуу керек". Акылбек Жапаров экономика министринин орун басарларынын ишин сынга алды
RU

"Кыскартуу керек". Акылбек Жапаров экономика министринин орун басарларынын ишин сынга алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясын өткөрдү. Кеңешмеде 4 маселе каралганын Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Акылбек Жапаров министрлердин баяндамаларын уккандан кийин Экономика жана коммерция министрлигинин аткаруучулук тартип боюнча ишин сынга алды.

"Эмне себептен аткаруу мөөнөттөрү бузулган каттардын саны көп болууда. Орун басарларыңыздар эмне иш кылууда, аларга жүктөлгөн милдеттерди аткара алышпаса, алардын санын кыскартуу керек. Сиздерде февраль айынын соңуна чейин убакыт бар", - деди Акылбек Жапаров.

Андан соң 2022-жылга Антикризистик чаралар планынын аткарылышы боюнча баяндама угулду. Белгиленгендей, 51 иш-чаранын 46сы аткарылган.

Министрлер Кабинетинин башчысы пландын аткарылбай калган пункттары 2023-жылга которулганын айтып, алардын аткарылышынын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10148