Ысык-Көлдө туристтик милицияга карата кызматтык иликтөө башталды. Ал аңчылык кылган
RU

Ысык-Көлдө туристтик милицияга карата кызматтык иликтөө башталды. Ал аңчылык кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарда туристтик-экологиялык милициянын кызматкери мыйзамсыз түрдө аңчылык кылып жүрөт деген видео тараган. Бул боюнча Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кызматтык териштирүү иши дайындалып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.

Ысык-Көл ОИИБден териштирүүнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилетрин кошумчалашып, окуя тууралуу буларды билдиришти.

Видеону Тоң районунун Кароол-Дөбө участогунун 31 жаштагы тургуну Ж.А. аттуу жарандын иниси Ж.Б. тартып, социалдык тармактарга тараткан. 31 жаштагы жаран жакында Ысык-Көл ОИИБдин туристтик-экологиялык милициянын кызматкерлери тарабынан уруксат кагазы жок ИЖ-18 үлгүсүндөгү ок атуучу курал менен ошол аймакта аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалган болчу.

Аталган факты боюнча Тоң РИИБдин тергөө кызматы тарабынан 267-берене (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары аяктап, соттун кароосуна жиберилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11535