Конверт алган видеодон кийин Зиядин Жамалдиновдун орун басарына карата текшерүү башталды
RU

Конверт алган видеодон кийин Зиядин Жамалдиновдун орун басарына карата текшерүү башталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облустук прокуратурасы президенттин аталган облустагы мурдагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловдун конверт алганы боюнча текшерүү жүргүзөт. Маалыматты Kaktus.media сайтына Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов билдирди.

Айтымында, учурда Ош облустук прокуратурасы Жаныкулов иш бөлмөсүндө конверт алып жаткан видео боюнча текшерүүнү баштады. Жыйынтыгы тууралуу коомчулукка маалымат берилет деп белгиледи.

Белгилей кетсек, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкуловго окшош адам иш бөлмөсүндө белгисиз адамдардан конверт алып жатканы боюнча видео интернетке жарыяланган. Видеодо Кара-Суу районунун акими Турусбек Ногоев да тартылган.

14-апрелде президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, анын орун басары Данияр Жаныкулов жана Кара-Суу районунун акими ээлеген кызматынан бошотулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11593