Депутат: Кыргызстанда тең салмактуулук деген утопия
RU

Депутат: Кыргызстанда тең салмактуулук деген утопия

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Нуржигит Кадырбеков эл президенттик башкарууну тандагандан кийин Кыргызстанда бийликтин тең салмактуулугун утопия деп эсептейт.

Ал келечекте өлкө парламенттик-президенттик башкарууга өтсө, тең салмактуулук орнойт деген пикирде.

Кыргызстанда абсолюттук тең салмактуулук жөнүндө сөз жок

Депутат Нуржигит Кадырбеков президенттик башкаруу системасын тандагандан кийин тең салмактуулук боюнча сөз болбош керектигин айтты.

"Эмне үчүн коммунисттик система узакка бара алган жок? Табияттан теңсиздик болсо, катип теңдик болот? Парламент бар, бары башка. Бирок президенттик башкаруу системасын элдин көпчүлүгү колдогон. Ошол үчүн абсолюттук тең салмактуулук жөнүндө сөз жок", - деди ал.

Азыр президент башкарат, президенттин өкүмү күчтүүрөк.

Кадырбеков азыр депутаттар өкмөт сунуштаган кызматка талапкерди колдобой койсо деле президент өзү дайындай берсе боло турганын белгиледи.

"Азыр президент башкарат, президенттин өкүмү күчтүүрөк да. Конституция ошондой. Мурда, мисалы ар бир чечимди парламент менен макулдашып кетишкен. Парламент эгер өкмөткө ишеним көрсөтпөй койсо же отчётун бекитпей койсо - өкмөт кызматтан кетчү. Азыр андай эмес. Мисалы өткөн жылы эле бир элчиликке талапкерди алып келди, биздин комитет аны өткөрбөй койду. Бирок биздин комитеттин рекомендациясы, позициясы эске алынган жок. Президент өзү эле дайындап койду. Азыр баш мыйзам ошондой укук берет", - деп кошумчалады депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11656