"Садыр ава" дейинби же "аба" болобу? Осмонов алфавитке "W" тамгасын кошууну сунуштады
RU

"Садыр ава" дейинби же "аба" болобу? Осмонов алфавитке "W" тамгасын кошууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Садыр ава" дейинби же "аба" десем болобу? Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Осмонов тилчилерге кайрылып, алфавитти өзгөртүүнү сунуштады.

"Ава" деген сөз Ысык-Көл менен Баткенде көбүрөөк колдонулат. Мисалы Садыр ава, Султанбай ава. Мен сүйлөгөндө "Садыр ава" деп кайрыла берем, эгер кат жазып калсам "урматтуу Садыр "ава" же "аба" деп жазамбы? Биз ушуга W (дабл ю) тамгасын кошушубуз керек. Оюңуздар кандай?", - деди Осмонов.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты комиссиясынын төрагасынын орун басары Жылдыз Орозобекова бул кыргыздын "төл" сөзү деп айтты.

Ал арада Айбек Осмонов "аба" деп жазганда "воздух" деген маанини билдирип жатканын айтты. Депутат ошондой эле "А" тамгасына үндөш дагы бир тамга киргизүү керек деген сунушун билдирди.

"А" тамгасында "а(э)" жок. Чынында муну көп колдонушат, мисалы "Жусуп ка(э)л" деп айтат да жазылганда "кал" болуп атпайбы? Мындай тамга Казакстанда бар", - деди ал.

Тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев алдыда алфавиттик реформа болорун, аталган сунуш ошондо караларын кыйытты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11708