Бишкектеги мектептерге, университеттерге кайрадан бомба тууралуу билдирүү түштү
RU

Бишкектеги мектептерге, университеттерге кайрадан бомба тууралуу билдирүү түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги бир катар мектептер бүгүн, 26-апрелде кайрадан жардыруучу зат бар деген билдирүү алышты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окурмандар кабарлашты.

Саат 9:00гө карата №33, №67 мектептин кызматкерлери менен окуучулары эвакуацияланышты. Андан кийин №4, №27, №51, №52, №59 жана жеке менчик Oxford, "Рефал", "Тенса" билим берүү мекемелеринде да эвакуация болуп жатканы кабарланды.

Бишкек ШИИББден №17, 62, 63 жана 90 мектептерде да эвакуация болуп жатканын, текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат берилерин айтышты.

Кийинчерээк К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинде, Кыргыз улуттук университетинде да эвакуация болуп жатканын милициядан ырасташты.

Эске салсак, апрель айында эле Бишкектеги мамлекеттик жана жеке менчик мектептердин электрондук почтасына бомба тууралуу бир нече билдирүүлөр түшкөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11835