Бишкектеги айрым мектептерде кайрадан эвакуация болуп жатат
RU

Бишкектеги айрым мектептерде кайрадан эвакуация болуп жатат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте бүгүн, 20-апрелде бир катар мектептерде окуучулар эвакуация болушту. Бул туурасында окуянын көбөлөрү билдиришти.

Саат 09:00гө карата №33 жана 67 мектепте эвакуация болгону белгилүү болду. Билим берүү мекемесинин кызматкерлеринин айтымында, имаратта жардыруучу зат экени айтылган.

Жеринде өрт өчүрүүчү унаалар турат. Милиция кызматкерлери да бар.

Андан тышкары № 17, 51, 52, 62, 63 жана жеке менчик Seitek STEM, Bishkek International School мектептеринде эвакуация болуп жатканын күбөлөр билдиришти.

Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө саат 07:29да №33 мектеп-гимназиянын электрондук почтасына бомба тууралуу билдирүү түшкөнү кабарланган. Жерине Свердлов РИИБден ыкчам топ, Коомдук коопсуздук кызматы жана райондук башкармалыктын жетекчилиги жөнөп кеткен. Имарат курчоого алынып, кызматкерлер менен окуучулар сыртка чыгарылды.

Жардыруучу зат бар деген билдирүү № 64, 52, 67, 62 32 жалпы билим берүү мекемелерине, "Оксфорд" жана "Сейтек" мектебине да жөнөтүлгөн. Тиешелүү кызматтар текшерүү жүргүзүп жатышканын айтат милициядан.

Белгилесек, 18-апрелде борбордогу бир катар мамлекеттик жана жеке менчик мектептерге бобма бар деген билдирүү түшкөн. Кийин эч нерсе табылбай, билдирүүлөр жалган экени такталган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11722