Баткен областынан жеңил унаа кармалып, анын салонунан көлөмү 900 литрлик цистерна табылды
RU

Баткен областынан жеңил унаа кармалып, анын салонунан көлөмү 900 литрлик цистерна табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын УКМКсы контрабандага каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында, тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө. 2021-жылдын 5-апрелинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 358-беренесинин 1-бөлүмү (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында, Баткен райондук сотунун санкциясына ылайык, Жаңы-Жер чек ара заставасынын жана КР УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунда жайгашкан Партнер Нефть май куюучу жайынын кампасына тинтүү жүргүзүлдү.

Тинтүү ишетеринин жүрүшүндө, Опель Зафира үлгүсүндөгү жеңил унаа кармалып, анын салонунан жалпы көлөмү 900 литрлик цистерна табылган.

Кармалган автоунаа КР УКМКнын чек ара кызматынын "Кайрагач" өтөрүү пункунунун аскер кызматкерлерине жеткирилип, сактоого өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК тарабынан иштин фактылык жагдайларын жана бул ишке катышкан адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда, деп УКМКнын басма сөз борбору билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1183