Бишкектеги мектептердин бирине кайрадан бомба тууралуу билдирүү түштү
RU

Бишкектеги мектептердин бирине кайрадан бомба тууралуу билдирүү түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин №33 мектебинде жардыруучу зат бар деген билдирүүдөн улам эвакуациялоо башталды. Бул туурасында бүгүн, 27-апрелде Kaktus.media сайтына окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Белгилей кетсек, жыл башынан бери аталган мектепте эвакуация алтынчы ирет болуп жатат.

26-апрелде Бишкектеги мектептерге, университеттерге бомба тууралуу билдирүү түшүп, милиция текшерүү жүргүзгөн.

Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаковдун айтымында, милиция бомба тууралуу билдирүүнү текшерүүгө 55 миң сом сарптайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11872