Садыр Жапаров Ак-Суудагы балдардын реабилитациялык борборуна барды
RU

Садыр Жапаров Ак-Суудагы балдардын реабилитациялык борборуна барды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 30-апрелде Садыр Жапаров Каракол шаарындагы Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын Ак-Суу реабилитациялык бөлүмүнө барды. Маалыматка ылайык, бул борбор 100 орунга ылайыкташып, атайын борбордук нерв системасынын оорулары, тагыраак айтканда, Церебралдык шал оорусу менен жабыркаган балдарды дарылоого багытталган.

Территорияда ошондой эле дарылык касиетке ээ жана оорулуунун организминин нерв системасындагы бузулууларды калыбына келтирүүгө оң таасирин тийгизген термалдык радон булактары бар.

Учурда Ак-Суу реабилитациялык бөлүмүндө өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген 72 бала дарыланууда. Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында 500дөн ашык бала реабилитациядан өткөн.

Санаторийде совет доорунда курулган үч имарат бар, алар бүгүнкү күндө капиталдык реконструкцияга муктаж. Ошол эле учурда балдарды реабилитациялоо жана аларды багып жаткан ата-энелер үчүн зарыл шарттар бар.

Мамлекет башчысы реабилитациялык борбор менен таанышып, медицина кызматкерлери менен баарлашып, мекеменин орчундуу көйгөйлөрүн чечүү жана аны капиталдык реконструкциялоого каражат табуу маселеси карала турганын белгиледи. Материалдык-техникалык базанын жаңыланышы толук заманбап мекеме алууга жана медициналык туризмди өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет.

Садыр Жапаров бул реабилитациялык бөлүмдүн өзгөчөлүгүн баса белгилеп, борборду керектүү медициналык жабдуулар менен камсыздоону, ошондой эле жаңы "Тез жардам" унааларынын бирин бөлүп берүүнү тапшырды.

Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров борбордун кызматкерлерине айрым кыйынчылыктарга карабастан адистер өз иштерин сапаттуу жүргүзүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11935