Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысынын үйүндө тинтүү жүрүп, 4 паспорт алынган
RU

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун башчысынын үйүндө тинтүү жүрүп, 4 паспорт алынган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК туризм тармагындагы коррупция боюнча кылмыш ишин козгоду. Мындай маалыматты парламенттеги жыйында башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева айтты.

Айтымында, жоюлуп кеткен "Кыргызтуризм" мамлекеттик ишканасына карата 22-апрелде иш козголгон.

"Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун кеңсесинде жана анын төрагасы Калашникованын үйүндө тинтүү иштери Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде жүргүзүлдү. 29-апрелде Каржы министрлиги дагы текшерүү уюштурду", - деп айтты прокурордун орун басары.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Тимур Шабданбеков туристтер үчүн эс алуу жайларын куруу долбоорлорун ишке ашыруудагы коррупция боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

"Биринчи Май райондук сотунун чечими менен фонддо жана анын жетекчисинин үйүндө тинтүү жүргүзүлгөн. Анын алкагында эс алуу жайларын курууга байланыштуу каржы документтери, ошондой эле Калашникованын атындагы Россиянын 3 паспорту жана Кыргыз республикасынын жалпы жарандык паспортунан бирөө табылган. Учурда алынган материалдар боюнча териштирүү иштери улантылууда", - деди ал.

Белгилесек, 2-майда Туризмди өнүктүүнү колдоо фондунун башкы кеңсесинде УКМК тарабынан тинтүү жүргүзүлгөн. Аталган фонд Башкы прокуратура тарабынан пландык текшерүү болуп жатканын билдиришкен. Ошондой эле УКМК тарабынан тинтүү жүргүзүлгөнүн ырасташып, коопсуздук комитети фонд мыйзамга ылайык иш алып барабы, жокпу деген максатта текшерүү жүргүзгөн дешкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12041