Баткенде 5 чакан ГЭС курулууда, бири июнь айында электр энергиясын өндүрө баштайт
RU

Баткенде 5 чакан ГЭС курулууда, бири июнь айында электр энергиясын өндүрө баштайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Баткенде 5 чакан ГЭС курулууда, дагы 10 ГЭСтин долбоору даяр. Президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүн маалыматына ылайык, Садыр Жапаровдун энергетикалык көз карандысыздыкты жана коопсуздукту камсыз кылуу максатында чакан ГЭСтерди курууга өзгөчө көңүл буруу боюнча жарлыгы Баткен облусунда активдүү колго алынууда.

Маалым болгондой, учурда Баткен облусунун аймагынан агып өткөн дарыяларда 5 чакан ГЭСтин курулушу жүрүүдө. Алар:

  • Баткен районунун аймагына Кыштут чакан ГЭСи курулат. 10 МВт кубаттуулуктагы обьект үчүн 7 млн доллары керектелери белгиленген. ГЭСти 5 каскад менен куруу жагы пландаштырылып, учурда 1-каскаддын 100% жумушу аткарылды.
  • Кадамжай районунун Майдан айыл аймагынын Кожо-Кайыр каналынын нугунда 300 КВт кубаттуулуктагы сметалык баасы 300 миң долларды түзгөн долбоордун курулуш иштери аяктап, биринчи агрегаттын генараторун орноштуруу иштери жүрүүдө.
  • Майдан айыл аймагынын Пата-Таш участкасында 4 МВттык "Исфайрам-1" долбоору 2,81 млн долларга курулууда. Курулуш иштери 90% аяктап калды.
  • Лейлек районунун Тогуз-Булак айыл аймагындагы Жаңгакты дарыясына 0,54 МВт кубаттуулуктагы "Белес" чакан ГЭСинин курулушу аяктады. 5 чакырым аралыктагы чубалгылар курулуп, райондук электр тармактар ишканасынын "Белес" фидерине кошулду. План боюнча 2023-жылдын июнь айында электр энергия өндүрүү пландалган.
  • Өзгөрүш айылында Козу-Баглан дарыясынын капталында 5,9 МВт кубаттуулуктагы "Лейлек" ГЭСи 5,6 млн долларга курулууда.

Мындан сырткары 10 чакан ГЭСти куруу боюнча ички инвесторлордон билдирмелер түшүп, долбоорлору даяр.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12293