Бишкекте жумушчунун үстүнө унаа түшүп кеткен
RU

Бишкекте жумушчунун үстүнө унаа түшүп кеткен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте эркек кишинин үстүнө унаа түшүп кетти. Милициядан Kaktus.media сайтына билдиришкендей, машина автокөтөргүчтөн түшүп кеткен.

Окуя тууралуу милицияга 21-майда саат 13:00 чамасында билдирүү түшкөн. Анда унааларды оңдогон гараждардын биринде унаа түшүп кеткени кабарланган.

"Гараж Л.Толстой көчөсүндө жайгашкан. Жумуш учурунда 1980-жылы туулган М.М`га көтөрүлүп турган унаа түшүп кеткен. Анын кесепетинен жумушчу жеринде каза болгон", - дешет милициядан.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Андан тышкары тиешелүү экспертизалар дайындалды, жыйынтыгына жараша процессуалдык чечим кабыл алынат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12518