Бишкекте жер казып жаткан жигиттерди топурак басып, бирөө каза тапты
RU

Бишкекте жер казып жаткан жигиттерди топурак басып, бирөө каза тапты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте жер казып жаткан эки адамды топурак басып калды. Тилекке каршы, бир жумушчу жеринде каза болду дешет ӨКМдан.

Окуя 8-апрелде катталган. Анда Ленин районундагы Мурманск көчөсүндө канализацияга жол ачуу үчүн жер казып жаткан 2 жаранды топурак басып калып, куткаруучуларга кабар берилген.

Жерине 5 куткаруучу тартылган. Тилекке каршы, 1992-жылы туулган К.уулу Б. окуя болгон жерде каза болуп, сөөгү ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлдү.

Ал эми 1997-жылы туулган А.Т. аттуу жабырлануучу "Тез жардам" кызматына өткөрүлүп берилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11457