Жашырылган мүлктү мыйзамдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди. Президент кол койгону ачыкталды
RU

Жашырылган мүлктү мыйзамдаштыруу мыйзамы күчүнө кирди. Президент кол койгону ачыкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чуулгандуу "Жашырылган мүлктү мыйзамдаштыруу" мыйзамы күчүнө кирди.

"Эркин-Тоо" гезитинин 9-июнда чыккан кезектеги санында 6-июнда президент бул мыйзамга кол койгону маалымдалган. Мыйзамга ылайык, ал расмий жарыяланган учурдан тартып, башкача айтканда, 9-июндан тартып күчүнө кирди.

Белгилей кетсек, президенттин басма сөз кызматы бул мыйзамга кол коюу тууралуу башка документтердегидей өзүнчө маалымат берген эмес. Бул тууралуу президенттин сайтында да маалымат жок. Economist.kg маалымдагандай, мыйзамдын күчүнө кириши КР салык кызматынын арыз берүүнүн мөөнөттөрү тууралуу билдирүүсүндө гана белгилүү болду.

Эске салсак, президенттик аппарат 2022-жылдын март айында "Жеке адамдардын мүлкүн ыктыярдуу түрдө легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоорун иштеп чыгып Жогорку Кеңешке сунуштаган. Документке ылайык, жеке адамдар, анын ичинде мурдагы жана азыркы чиновниктер, мамлекеттик кызматкерлер өздөрүнүн мүлктөрүн, атүгүл мыйзамсыз алынган мүлктөрүн көрсөтүү менен атайын декларация тапшырышат. Ошол эле учурда бул маалымат эч жерде жазылбайт, анын көчүрмөсүн жасоо мүмкүн эмес.

Аталган мыйзамды 4-июнда Жогорку Кеңештин 56 депутаты колдогон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12991