Парламент жашырылган мүлктү мыйзамдаштырууга жол берген долбоорду колдоду
RU

Парламент жашырылган мүлктү мыйзамдаштырууга жол берген долбоорду колдоду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда жарандардын жашырган мүлкүн легалдаштырууга жол ачкан мыйзам долбоору бүгүн, 4-майда Жогорку Кеңеште колдоого ээ болду.

"Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө" жана "Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорлорун 56 депутат колдоду.

Бул мыйзам долбооруна ылайык, көмүскө экономиканы азайтуу үчүн легалдаштыруу өнөктүгү бир жылга созулат. Буга чейин Министрлер кабинети байлыгын ачыкка чыгаргандарга кылмыш иши козголбойт деген кепилдик берери айтылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/12048