УКМК: Милициянын майору органда иштегенден тарта курал сатуу менен алектенген
RU

УКМК: Милициянын майору органда иштегенден тарта курал сатуу менен алектенген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Курал сатууга аракет кылган милиция кызматкеринин кармалышы боюнча УКМК маалымат берди. Коопсуздук комитеттен кабарлашкандай, кызматкер Ички иштер органында иштеген жылдардан баштап алынган тапанчаларды, мылтыктарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатуу менен системалуу түрдө алектенгени аныкталган.

5-июлда ИИМ Ички иликтөө кызматы менен УКМКнын кызматкерлери ок атуучу куралдарды жана ок-дарыларды сатууга аракет кылып жаткан жеринен милициянын майору М.Р.Н. кармады. Анын жашаган жеринен издөө иш-чараларынын жүрүшүндө курал-жарак жана ок-дарылар табылган.

  • ар кандай калибрдеги 4 мылтык;
  • 9 даана граната;
  • 200 даана 9мм калибрлүү ПМ патрону;
  • 97 даана 5,45 калибрлүү АК-74 патрону;
  • 141 даана 7,62 снайпердик мылтыктын патрондору;
  • 72 даана помпонун патрондору.

Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилип, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ичинен курал-жарактарды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сатууга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") жана 267-беренесинин 4-бөлүгүнүн 2-пункту ("Куралды мыйзамсыз жүгүртүү") менен кылмыш иши козголгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13266