Лейлекте койдун этин коңшу өлкөгө мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды
RU

Лейлекте койдун этин коңшу өлкөгө мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Лейлекте чек араны бузуп кирип, мыйзамсыз жүк алып чыгып бараткан Тажикстандын жараны кармалды. Баткен ОИИБден кабарлашкандай, коңшу өлкөгө эт ташып чыгуу аракети болгон.

"Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 23-июлда таңкы саат 05:30 чамасында Тажикстандын Худжант шаарынын 30 жаштагы Н.Ф. аттуу тургуну Toyota Avensis Verso үлгүсүндөгү унаасы менен кармалган. Ал мамлекеттик чек араны бузуп кирип, Лейлек районунун Борбордук айылынан аткезчилик менен жалпы салмагы 700 кг болгон койдун этин Кыргызстандан алып чыкмакчы болгон", - деп айтылат маалыматта.

Жүктөр далил буюм катары алынып, факты Лейлек РИИБдин малыматтардын электрондук журналына катталып, 231-берене (Экономикалык контрабанда) жана 378-берене (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен кылмыш иши козголду. Иш УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгына өткөрүлдү.

Кылмышка шектелип кармалган тажик жараны убактылуу кармоочу жайга киргизилип, унаасы айып короосуна киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13643