Диний-экстремисттик уюмдан 4 адам баш тартты
RU

Диний-экстремисттик уюмдан 4 адам баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көл облусунда "Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлүгүнөн 4 адам баш тартты. Бул туурасында УКМКнын маалыматында айтылат.

Белгилүү болгондой, коопсуздук комитет тарабынан профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 13-июлда Т.У.Т., С.С.Б., К.Т.К. жана Т.А.А. аттуу жарандар буга чейин тандап алган диний багытынын туура эместигин түшүнүп, экстремисттик идеялардан баш тартышты.

Алар диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз кайрылууларына алдырбоого чакырышты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13735