Айдоочуну тапанча менен коркуткан жаран кармалды
RU

Айдоочуну тапанча менен коркуткан жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция кызматкерлери Бишкектин Некрасов көчөсүндө айдоочуну тапанча менен коркуткан жаранды табышты. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, бул факты Ленин РИИБи тарабынан текшерүүгө алынды.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1989-жылы туулган Т.К. аттуу жаран аныкталып, райондук бөлүмдүн тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал соттук-баллистикалык экспертиза дайындоо үчүн тапанчаны милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен берди.

"Тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында И.С. аттуу жаран эч кандай дооматы жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тарткан. Тергөө иштери уланууда", - деп билдиришти милициядан.

Эске салсак, 5-августта социалдык тармактарда белгисиз адам айдоочуну тапанча менен коркуткан видео тараган.

"ПолитКлиниканын" журналисттери видеодогу куралчан адам окуя болгон учурда кызматтык унаа айдап бараткан "Манас" аэропортуна караштуу ИНТЭК компаниясынын жетекчиси Тилек Кадырбердиев экенин аныкташкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13825