"Манас" аэропортунун туунду компаниясынын жетекчиси айдоочуну тапанча менен коркуткан
RU

"Манас" аэропортунун туунду компаниясынын жетекчиси айдоочуну тапанча менен коркуткан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 5-августта Бишкектин Некрасов көчөсүндө белгисиз адам айдоочуну тапанча менен коркуткан. Бул тууралуу видео Instagramдагы black_list.kg баракчасына жарыяланды.

"Колуна тапанча кармаган киши сүйлөшкөн кызын сүзүп кете жаздады деп күйөөмдү сөктү. Биздин унаа анын сүйлөшкөн кызынын жанында эмес болчу. Ал мага бул видеону өчүр деп кыйкырды", - деген аял.

"ПолитКлиника" басылмасынын журналисттери видеодогу куралчан адам "Манас" эл аралык аэропортунун туунду компаниясы болгон ИНТЭктин жетекчиси Тилек Кадырбердиев экенин аныкташкан. Андан сырткары Кадырбердиев мурда аэропорттун дагы бир филиалында – "Манас Менеджментте" директордун орун басары болуп иштегенин аныкташкан. Ал эми ал отурган видеодогу унаа компаниянын унаасы экенин такташкан.

"ПолитКлиника" басылмасы "Манас" аэропортунун басма сөз кызматынан комментарий алууга аракет кылып, бирок алар менен байланышууга мүмкүн болгон эмес. Укук коргоо органдары бул боюнча комментарий бере элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13824