Президент желим баштыктарды, буюмдарды колдонууга, сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду
RU

Президент желим баштыктарды, буюмдарды колдонууга, сатууга тыюу салган мыйзамга кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган баштыктарды жана желим буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.

"Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө" мыйзамы Жогорку Кеңеш тарабынан 2023-жылдын 29-июнунда кабыл алынган.

Мыйзам полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө (ташып кирүүгө, өндүрүүгө, пайдаланууга, сатууга) тыюу салууну киргизүүгө багытталган чектөөчү чараларды белгилөө жолу менен Кыргызстандын аймагында полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.

2027-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын бардык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана желим буюмдарды (экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, ошондой эле турумуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана рулондоп сатылуучу пакеттерди кошпогондо) өндүрүүгө, сатууга, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүн соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө акысыз берүүгө тыюу салынат.

Ошол эле учурда кабыл алынган мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин:

  • Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн абсолюттук жүгүртүүгө тыюу салынат;
  • Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди (жеке адамдар товарларды жана жеке буюмдарды ташууда жана таңгактоодо жеке пайдалануу үчүн алып келген пакеттерди, ошондой эле товарларды пломбаланган жүк отсектерде транзиттик алып өтүүнү кошпогондо) жана пластик буюмдарды ташып кирүүгө, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды пайдаланууга жана сатууга, соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды акысыз берүүгө тыюу салынат.

2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды (экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана турумуш-тиричиликте колдонуу үчүн сатылуучу пакеттерди кошпогондо) өндүрүүгө тыюу салынат.

Кабыл алынган мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгү менен жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталды:

  • бир жолу колдонулуучу желим идиштердин бардык түрлөрү;
  • тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу желим идиш;
  • ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) желим бөтөлкөсү;
  • жумуртка үчүн желимден жасалган бир жолу колдонулуучу идиш;
  • кофе үчүн желим капсулалар;
  • азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13894