Эми "Тулпар" карталарын мобилдик тиркеме аркылуу тапса болот
RU

Эми "Тулпар" карталарын мобилдик тиркеме аркылуу тапса болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-августтан тарта Бишкек шаарынын муниципалдык автобустарында жана троллейбустарында жол кире электрондук түрдө төлөнө баштады. Бирок жүргүнчүлөр "Тулпар" карталары сатыкта жок болуп жатканын айтышкан.

Бишкек шаардык мэриясы маселе жөнгө салынганын маалымдады. Калаа башкармалыгынан билдиришкендей, "Тулпар" карталарын саткан соода түйүндөрдүн даректери камтылган атайын карта даярдалды.

Карта "Менин шаарым" мобилдик тиркемесинде жеткиликтүү, ал "Тулпар" карталарын сатып ала турган жакынкы жерлерди тез табууга жардам берет.

Карта алуу үчүн төмөнкү кадамдарды жасоо керек:

  • "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин ачуу;
  • "Транспорт" кошумча барагына өтүү;
  • Жогорку оң бурчтагы "Тулпар" белгисин басуу.

Эскертүү, "Менин шаарым" мобилдик тиркемесин мурунтан эле колдонуп жүргөндөр тиркемени акыркы версиясына жаңыртып алышы шарт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14098