Шайлообек Атазов менен Чолпон Султанбекованы сотко беришти
RU

Шайлообек Атазов менен Чолпон Султанбекованы сотко беришти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары Шайлообек Атазов менен Чолпон Султанбекованы сотко беришти. Бул туурасында бүгүн, 11-сентябрда Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында Шайлообек Атазов билдирди.

Ал белгилегендей, буга чейин парламент профсоюздардын ишин текшерүү үчүн депутаттык комиссия түзгөн.

"Депутаттар бир жыл иштешти, бардык аймактарды кыдырышты. Анан ал жерде укук коргоо органдары - прокуратура, милиция - комиссиянын мүчөлөрүнө кийлигишти. Мага комиссиянын төрагасы катары 20дан ашык коркутуулар болду, телефон аркылуу жана жеке дагы. Биз 3-5 миллион долларга бааланган пансионаттар мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктадык, билдирүү жасаганбыз. Кечээ президенттен реакция болду. Балдар лагерлерин, пансионаттарды сатуу фактылары арбын. Профсоюздар Кыргызстандын ичиндеги мафия! Кыргызстандын тышындагы мафия Кумтөр болчу. Ал жеңилип калды. Ички мафия 20 адамдан, профсоюздук жетекчилерден турат. Текшерүү жүргүзгөнүбүз үчүн мени, Чолпон Аалыевнаны жана дагы бир адамды сотко беришкен. Бизди туура эмес текшерген эмес дешиптир. Прокуратура, милиция, Улуттук коопсуздук кызматы текшербесе, биз мамлекеттин мүлкүн кайтарып беребиз", - деди Атазов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14349