"Бул хан кайдан келди?". Атазов Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылды (видео)
RU

"Бул хан кайдан келди?". Атазов Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Шайлообек Атазов министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун кызматтан кетишин талап кылды.

Айтымында, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлери алмашты.

"Юпитерден алып келсеңер да Билим берүү министрлигинде эч нерсе өзгөртө албайт, анткени министрди Байсалов көзөмөлдөп турат. Ал арыктагы суунун жолундагы таш сыяктуу. Парламенттин чечимдерин аткарбайбыз деген. Биз аны 1-сентябрда кызматтан алат экен деп июнь, июль, август айларында үмүт кылганбыз. Бүгүн 10у болду. Бул хан кайдан келди? Эл Садыр Жапаровду президент кылып шайлады, Байсалов эмес! Макул, Асан менен Үсөндү укпайт экен, бирок парламентти тоготпой койгону туура эмес. Конституцияда Байсалов парламентке ушуну жасай алат деген пункт бар болсо, аны аткаралы", - деди Атазов. ачууланды.

Ал чечим кабыл алуу үчүн ЖКда депутаттык комиссия түзүүнү сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14345