Тармактык комитет Нурия Кутнаеваны министр кызматына дайындоого макулдук берди
RU

Тармактык комитет Нурия Кутнаеваны министр кызматына дайындоого макулдук берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 12-сентябрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутаттар санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна Нурия Кутнаеванын талапкерлигин карады.

Жыйында депутат Бактыбек Чойбеков Нурия Кутнаевага кайрылып, "Дастан" заводунун алдыдагы тагдырына кызыкты. Депутат Гулшаркан Култаева жеке документ алууда калкты тейлөө борборлорундагы көйгөйлөрдү көтөрүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртууга чакырды. Депутат Винера Раимбачаева алыскы аймактарда санариптиштирүү иштерин толук кандуу бүтүрүүнү айтып, региондордогу калкты тейлөө борборлорундагы кезек күтүүлөрдү жөнгө салуу маселесине көңүл бурду.

Министрдин милдетин аткаруучу Нурия Кутнаева депутаттар көтөргөн бардык маселе көңүл борборунда турганын белгилеп, тармактын ишин жакшыртууга аракет көрөрүн билдирди.

Жыйынтыгында депутаттар Кутнаеванын талапкерлигин жактырды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14363