Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Нурия Кутнаева дайындалды
RU

Санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп Нурия Кутнаева дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нурия Кутнаева санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин администрациясынан маалымдашкандай, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Нурия Кутнаеванын талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Белгилесек, 7-сентябрда Талантбек Иманов санариптик өнүктүрүү министри кызматынан кетип, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болуп дайындалганы маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14298