Мурдагы аялынын кулак, мурдун кескен киши 1 жыл мурда зордуктоого айыпталган
RU

Мурдагы аялынын кулак, мурдун кескен киши 1 жыл мурда зордуктоого айыпталган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

20-сентябрда Чүйдүн аймагында резонанс жараткан кылмыш катталды. Анда эркек киши мурунку аялынын кулагын жана мурдун кесип салган.

Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдиришкендей, жабырлануучу буга чейин күйөөсүнүн үстүнөн зордуктоо боюнча арыз жазган. Бирок кийин сотто аны кечирген.

Маалымдалгандай, 2022-жылдын август айында ички иштер органдарына 1987-жылы туулган Н.А. кайрылып, мурдагы күйөөсү - 1984-жылы туулган Э.А. тарабынан зордукталганын билдирген. Келиндин айтымында, мурдагы жолдошу аны Күн-Туу айылындагы дүкөндүн жанынан кармап алып, зордуктаган.

Бул факты боюнча "Зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, СИЗОго киргизилген. Тергөө аяктагандан кийин иш сотто каралып, анда жабырлануучу тарап тосмо арыз жазган.

Бир нече айдан кийин аял дагы зордуктоо жана карактоо аракети болгонун билдирген. Шектүү кайрадан кармалган. Бирок иш сотто каралганда аял тосмо арыз жазган.

Белгилүү болгондой, келин акыркы жолу 2023-жылдын 31-январында арыз жазган. Анда Селекция айылындагы батиринен аны зордуктап кеткенин айткан. Шектүү кармалып, СИЗОго киргизилип, тергөөдөн кийин иш материалдары Сокулук райондук сотуна өткөрүлгөн. Шектүүгө карата пробация колдонуу боюнча өкүм чыгарылган. Бирок жабырлануучу өкүмгө макул болбой, Чүй облустук сотуна кайрылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14495