Блогер Бекболот Турдушов изделүүдө. Ал досторуна жолугууга кеткен бойдон дайынсыз болууда
RU

Блогер Бекболот Турдушов изделүүдө. Ал досторуна жолугууга кеткен бойдон дайынсыз болууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогер Бекболот Турдушов 25-сентябрдан бери дайынсыз болууда. Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан редакциябызга билдиришкендей, учурда окуучуну издөө иштери жүрүүдө.

Маалым болгондой, Бекболот Турдушов 25-сентябрда болжол менен саат 15:00 чамасында Каракол шаарындагы дос балдарына жолугуп келем деп кеткен бойдон кайтып келген эмес. Мындан улам атасы 26-сентябрда милицияга арыз менен кайрылган.

Аталган билдирүү Каракол ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, издөө иштер жүргүзүлүп жатканы белгилүү болду.

Бекболот Турдушов 1-классында дюшес ичип отурган видеосу, 2-классында мектеп салып бериңиз деп Садыр Жапаровго кайрылган видеосу менен интернет жылдызына айланган. 2022-жылы "Келечек" аттуу тасмада башкы ролдо ойногон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14575