Президентке мектеп салып бериңиз деген интернет жылдызы Бекболот тасмага тартылууда
RU

Президентке мектеп салып бериңиз деген интернет жылдызы Бекболот тасмага тартылууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алгач дюшес ичип отурган видеосу, кийин Ысык-Көлдүн Балбай айылына эки кабат мектеп салып бериңиз деп президент Садыр Жапаровго кайрылып интернет жылдызына айланган Бекболот Турдушов эсиңиздеби? Ошол бала учурда "Келечек" аттуу тасмага тартылууда. Бул туурасында тасманын режиссёру Болотбек Тилек тарабынан белгилүү болду.

"Бекболот Турдушов менен Бегимай Касымалиеваны тартуучу топ тандап алдык, калган балдар, кыздар кастинг аркылуу тандалды", - дейт ал.

Патриоттук комедия жанрындагы тасма - бүгүнкү күндөгү мектеп окуучулары менен мугалимдердин ортосундагы мамилени бекемдөө жана мектеп тартибин жөнгө салууну баяндайт. Болотбек Тилек комедия октябрь айында мугалимдер күнүнө карата жарыкка чыгат дейт.

Бекболот Турдушов 1-классында дюшес ичип отурган видеосу, 2-классында мектеп салып бериңиз деп Садыр Жапаровго кайрылган видеосу менен талкууга алынган.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7671