Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 62ге жетти
RU

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 62ге жетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте шаурмага уулангандардын саны 62ге жетти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасына жалпысынан 43 адам кайрылып, 23ү ооруканага жаткырылган, алардын экөө балдар. Бейтаптардын абалы канааттандырарлык. Калган бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү.

Белгилесек, 1-октябрда Бишкектин Чүй жана Сүйүмбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан тез татым жайларынан шаурма жеген 21 киши ууланып, анын ичинен 15 адам Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. Тез татым жайларынын ээлерине 72 миң сом айып салынып, кемчиликтери жоюлганга чейин жабылган.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: Fotolia.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14620