Санарип Инсан: Ааламга жол айылдан башталат
RU

Санарип Инсан: Ааламга жол айылдан башталат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Матисламова Буузара – Кыргызстандын аймактарында жашаган аялдардын жана жаштардын арасында санариптик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана экономикалык бакубаттуулукту жакшыртууга багытталган "Санарип Инсан" долбоорунун катышуучусу.

Буузара Баткен районунун Бүжүм айылынын чек арага жакын тургуну. Ал мектепте 29 жыл иштеп, азыр татыктуу эс алууда, туризм бизнесине алгачкы кадамдарын таштады.

"Эки күндүк окууда биз санариптик көндүмдөрдү, социалдык тармактарды үйрөнүп, чет өлкөдөгү конок үйлөрү менен тааныштык. Анан мага бир ой келди: бош үйлөрдү конок үйгө айландырса болот. Мен 2023-жылдын март айында эч кандай акча коротпостон, туристтерге кадимки кыргыз үйүндөгүдөй шарт түзүп берип, брондоо менен каттадым. Апрель айында иштей баштадык. Booking аркылуу маалымат Кыргызстандын калкына гана эмес, чет элдик ишкерлерге, саякатчыларга да жетет. Алар келүү күнүн белгилеп, орундарды камдашты. Бул бизге жаңы кардарларды табууга бир топ ыңгайлуу жана оңой болду. Бүгүнкү күндө бизде жакшы байланыштар бар жана кардарларыбыз жетиштүү", - дейт Буузара.

Буузара долбоордун аркасында телефон аркылуу кардарлар менен иштөө үчүн интернетти максималдуу пайдалана алганына кубанычта. Ал бардык аймактардын жашоочуларын санариптик көндүмгө үйрөтүү керектигин моюнга алат. Анткени интернет айыл жеринде жумушуңузду жеңилдетип, кирешени көбөйтүүнүн эң ыңгайлуу жолу.

Конок үйү ачылып, брондоштурууга катталгандан бери башка аймактардан туристтер келе баштады. Жакында ал Латын Америкасынан конокторду күтүп жатат. Бүгүн ал түшкөн акчага кош конок үйүн эки кабаттуу сегиз орундуу конок үйгө айлантууну пландап жатат.

"Сабак учурунда Кыргызстандагы карапайым аялдардын мүмкүнчүлүктөрү көп экенин байкадым. Биз өнүмдөрүбүздү жана кызматтарыбызды көрсөтүү менен киреше таба алабыз. Санариптик коммерция убакытты үнөмдөйт жана тейлөө сапатын жакшыртат. Интернетти туура колдонгонду үйрөнсөк, бул жерде жаштар өсүп, өнүгүп кетишет", - деп кубанат Буузара.

Долбоордун алкагында 500 адам окутулду. Санариптик туризм боюнча тренингдердин аркасында катышуучулар Booking, Google Maps, Google Business, Airbnb, Shelter, Fidelio PMS сыяктуу туристтик платформаларда иштөөнү үйрөнүштү. Электрондук коммерция боюнча тренингдин алкагында катышуучулар WhatsApp Business, Instagram жана Facebook аркылуу товарларды жана кызматтарды жарнамалоо үчүн социалдык тармактарды жана мессенджерлерди колдонууну үйрөнүштү. Бүгүнкү күндө алар өз бизнесин ийгиликтүү өнүктүрүүдө.

Долбоор Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жатат жана Европа Коңшулук Кеңеши, "Интернет Коомунун Кыргыз Бөлүмүнүн" (ISOC Kyrgyzstan Chapter) тарабынан ишке ашырылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14673