Жогорку Кеңеш карыган ата-энесине алимент төлөөдөн качкандарды камакка алууну жактырды
RU

Жогорку Кеңеш карыган ата-энесине алимент төлөөдөн качкандарды камакка алууну жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеш бүгүн, 11-октябрда улгайган ата-энесин багуудан качкан адамдардын жазасын күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду.

Жыйынында "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза жана Үй-бүлө кодекстерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдак кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Демилгечи депутат Тазабек Икрамов белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети эмгекке жарамсыз жана материалдык жардамга муктаж болгон ата-энесин багуудан качкан эмгекке жөндөмдүү бойго жеткен балдардын жазасын күчөтүү жана алардын мамлекеттик кызматта иштөөсүн чектөө болуп саналат.

Талкууда депутат Дастан Бекешев балдарын кароосуз калтырган ата-энелерге да жоопкерчилик киргизүүнү сунуштады.

Тазабек Икрамов мындай ата-энелер соттун чечими менен алимент төлөй турганын айтты.

Депутат Камила Талиева балдарына карата арыз жазган ата-энелердин санын тактады. Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, быйыл 6 айдын ичинде карылар үйүндө жашаган 19 адамдын балдарынан алимент өндүрүү боюнча арыздары катталган.

Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда колдоого алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14705