Милиция зордуктоого шектелген жаранды жоопко тартпоо үчүн 2000 доллар талап кылган
RU

Милиция зордуктоого шектелген жаранды жоопко тартпоо үчүн 2000 доллар талап кылган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Коопсуздук комитеттин маалыматына караганда, милиция кызматкери пара талап кылууган деп шектелүүдө.

19-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап пара талап кылуу) боюнча Токмок ШИИБдин кызматкери, милициянын улук лейтенанты М.Д.К. 178000 сом алып жаткан жеринен кармалды.

Милиция кызматкери зордуктоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында А.Р. аттуу жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн 2000 доллар акча талап кылгандыгы аныкталган.

Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда жогорудагы мыйзам бузууларга тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо иштери уланууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14790