Милиция кызматкери кылмыш ишин жабуу үчүн пара алганга шектелди
RU

Милиция кызматкери кылмыш ишин жабуу үчүн пара алганга шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашта болгон ишти жабууга аракет кылган деген шек менен милиция кызматкери кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо кызматкерлери билдирди.

Алардын айтымында, 19-октябрда кечинде ИИМ менен УКМКнын ички иликтөө кызматынын кызматкерлери 2 миң доллар алып жаткан жеринен Токмок шаардык ички иштер башкармалыгынын коомдук коопсуздук кызматынын инспектору, милициянын ага лейтенантын кармашты.

Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин айтымында, шектүү жашы жете элек кыз менен жыныстык катнашка баруу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин жабууну көздөгөн. Учурда Токмок ШИИБде издөө текшерүү жүрүп.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14768