Бир бүлөдөгү 3 адамдын өлүмү. Айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды (видео)
RU

Бир бүлөдөгү 3 адамдын өлүмү. Айыпталуучу өмүр бою эркинен ажыратылды (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда 3 адамды өлтүрүүгө айыпталган Чынтемир Аширалиевге өкүм чыкты.

Судья Чынтемир Аширалиевди Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (адам өлтүрүү) 1, 3, 7, 12-пункттары боюнча күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарганын билдирди.

Ошондой эле сот шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 266-беренесинде (атайын техникалык каражаттарды мыйзамсыз өндүрүү жана жүгүртүү) кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таап, 800 эсептик көрсөткүч (80 миң сом) өлчөмүндө айып пул салды.

Жабырлануучу тарап соттун чечими менен макул экендигин билдирди.

Эске салсак, 2023-жылдын 16-февраль күнү саат 21:00 чамасында Бишкектин 5-кичи районунан үч адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ аял, кыз жана бала каза болгонун аныкташкан. Эртеси милиция кызматкерлери үрөй учурган кылмышка шектүүнү кармашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14868