Кызы, баласы менен өлтүрүлгөн келин. Айыпталуучу соттон жазасын жеңилдетүүнү суранды
RU

Кызы, баласы менен өлтүрүлгөн келин. Айыпталуучу соттон жазасын жеңилдетүүнү суранды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч адамды өлтүрүү фактысы боюнча ишти кароо улантылды.

Сотто айыпталуучу Чынтемир Аширалиевге акыркы сөз берилди. Ал бул иште эч кандай далил жок деп, тергөөдө мүчүлүштүктөр бар экенин айтып, судья Надырбек Токтосуновдон ушуларды эске алуу менен мүмкүн болушунча жазасын жеңилдетүүнү суранды.

"Жалпысынан мен бардык жазага даярмын, бирок соттон тергөөдөгү кемчиликтерди эске алып, жазаны жеңилдетүүнү суранам", - деди Аширалиев.

Судья Надырбек Токтосунов өз сөзүнөн кийин өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти.

Эске салсак, 2023-жылдын 16-февраль күнү саат 21:00 чамасында Бишкектин 5-кичи районунан үч адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге барган ыкчам топ аял, кыз жана бала каза болгонун аныкташкан. Эртеси милиция кызматкерлери үрөй учурган кылмышка шектүүнү кармашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14867