Садыр Жапаров Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууга чакырды
RU

Садыр Жапаров Газа тилкесиндеги согуштук аракеттерди токтотууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 9-ноябрда президент Садыр Жапаров Ташкентте өтүп жаткан Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын 16-саммитинде сүйлөп жатып, палестин-израил чатагы боюнча пикирин билдирди.

Президент тараптарды согуштук аракеттерди токтотуп, сүйлөшүү үстөлүнө отурууга чакырды.

"Жүрөгүбүздөгү кайгы жана терең боорукердик менен биз Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга жана Газа тилкесиндеги гуманитардык кризиске байкоо жүргүзүп жатабыз. Биз тараптарды курмандыктарга жана карапайым элге каршы зордук-зомбулукка жол бербөө, согуштук аракеттерди тез арада токтотуу үчүн комплекстүү чараларды көрүүгө чакырабыз жана тез арада сүйлөшүү процессин баштоо керек", - деп белгиледи Садыр Жапаров.

Эске салсак, 7-октябрда Хамас менен Израил бири-бирине каршы аскердик операцияларын баштаганын жарыялашкан. 2023-жылдагы жаңжал палестин-израилдик тирешинин тарыхындагы эң оор деп аталды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Израил армиясынын палестиналык карапайым калкка каршы аракеттерин айыптап, кыргызстандыктарды жапа чеккен палестиналыктарга намаз окууга жана кайрымдуулук жардам көрсөтүүгө чакырды. Тышкы иштер министрлиги тараптарды саясий жана дипломатиялык диалогду баштоого чакырган эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14904