Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Палестина боюнча билдирүү таратты
RU

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы Палестина боюнча билдирүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстан мусулмандарынын окумуштуулар кеңеши Палестинанын айланасындагы кырдаал боюнча билдирүү таратты. Кайрылуу тексти муфтияттын Фейсбуктагы расмий баракчасына жарыяланды.

"Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы кыргындарды айыптайт жана Израил армиясынын Палестинанын карапайым калкына каршы аракеттерин адамзатка каршы кылмыш деп эсептейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле муфтият жабырлануучуларга моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү максатка ылайык болорун айтып, динчилдерди жума намазда, мечиттерде Палестин элине дуба кылууга чакырды.

Ошол эле учурда муфтият кыргызстандыктар социалдык түйүндөрдөгү ар кандай чакырыктарга жана манипуляцияларга алданбай, Палестинага жихад ниети менен баруу шарият эрежелерине туура келбей турганын эстен чыгарбоо керектигин баса белгиледи.

Эске салсак, 7-октябрда Хамас (Палестина) менен Израиль бири-бирине каршы аскердик операцияларын баштаганын жарыялашкан. 2023-жылдагы бул жаңжал палестин-израилдик тирешинин тарыхындагы эң татаал согуш деп табылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14883