Кызыл диплом ээлерин мамлекеттик кызматтарга алууда артыкчылык берүү сунушталды
RU

Кызыл диплом ээлерин мамлекеттик кызматтарга алууда артыкчылык берүү сунушталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен аяктагандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарга кирүүсү үчүн өзгөчө артыкчылыктарды берүү сунушталды. Мындай демилгени депутат Марлен Маматалиев көтөрүп, тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Демилгечи жогорку билим алган жаш адистер көпчүлүк учурларда мамлекеттик кызматта карьера жасоодо тааныштар чечүүчү роль ойноп кетет деп эсептеп, башка өлкөлөрдөн татыктуу иш орун табуу максатында Кыргызстандан кетип жатышканын белгилейт.

"Айрым учурларда чындап эле ЖОЖду кызыл диплом менен аяктаган жаш адистер мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүүгө бардык жол-жоболордон өтүүдө бир тараптуу көйгөйлөргө кабылышат. Тактап айтканда, талапкерлерди тандоодо анын кызыл дипломуна карабай, башка адис тандалып калат. Мындан улам кесипкөйлүк сапаттар боюнча кызматка адилеттүү дайындалышына болгон жаштардын ишеними жоголуп, татыктуу баалай турган чет өлкөлөрдөн иш издөөгө мажбур болушат", - деди Маматалиев.

Депутат жогорку окуу жайларын кызыл диплом менен аяктаган жарандарга өзгөчө артыкчылыктары менен мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарына кирүү мүмкүндүгүн берүүнү сунуштады.

Аларды автоматтык түрдө кадрдык резервге киргизип, ал эми мамлекеттик кызматка киргенде талапкерлерди тандоодо артыкчылыктуу кызмат көрсөтүү сунушталат. Мындай шарттар өлкөдөгү ЖОЖдордун студенттеринин жакшы жыйынтыктарга умтулуусуна түрткү берет. Алар мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын кадрдык потенциалын жакшыртып, жаш адистердин өлкөдөн агылып кетишине таасир этет.

"Кадрларды жоготуу ар бир мамлекеттин чоң көйгөйү. Кыргызстан ресурс жагынан бай өлкө эмес, бирок жигердүү жана алдыңкы жаштарга бай. Ал эми жаштарды мамлекетибизде ар тараптан өнүктүрүү жана көтөрүү керек", - деп эсептейт депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14960