Соода-өнөр жай палатасынын облустук бөлүм жетекчилери мыйзамсыз иштерди жасоого шектелди
RU

Соода-өнөр жай палатасынын облустук бөлүм жетекчилери мыйзамсыз иштерди жасоого шектелди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Соода-өнөр жай палатасынын Баткен жана Ош облустук бөлүмдөрүнүн жетекчилери мыйзамсыз иштерди жасаганга шек саналды. УКМКнын маалыматында айтылгандай, алар экспорттолуучу товарларга жасалма сертификаттарды берип, кээ бир жеке чарба жүргүзүүчү субъекттерге салыктык базаны төмөндөтүп көрсөтүүнү документтештирүүгө шарттарды түзүп беришкен.

Көмүрдү экспорттоо менен алектенгендер акчалай сыйлык берип, жасалма документтердин (эсеп-фактуралар, тапшырык кагаздары жана келишимдер ж.б.) негизинде Соода-өнөр жай палатасынын өкүлчүлүктөрүнөн 1 кг үчүн 1-1,5 сомду түзгөн көмүрдүн БСШ сорту деп жасалган товарлардын келип чыгышы тууралуу сертификаттарды алышкан, ал эми иш жүзүндө базар баасы 1 кг үчүн 10-12 сом болгон көмүрдүн БК маркасы экспорттолуп турган.

Мындан тышкары Соода-өнөр жай палатасынын аталган эки облустагы жетекчилери (Б.Э.Ю. жана П.К.) салык органдарына кассалык түшүүлөр боюнча финансылык отчёттуулукту берүүдө иш жүзүндөгү кирешелер системалуу түрдө кем бааланып келген, анын натыйжасында өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрү өлкөнүн бюджетине түшкөн эмес.

Импорттук жана экспорттук товарларга шайкештик сертификаттарын берүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр негизинен П.К.нын үй-бүлө мүчөлөрүнө таандык компаниялар тарабынан көрсөтүлгөн, өзү компаниялардын уюштуруучусу же директору болгон (ЖЧК: Сертификат Класс, Сертификат плюс, Сертификат Транс, Южный Техосмотр Плюс, Южный Испытательный Центр, Калибровка Плюс, Южный Техосмотр, Эксперт Текст Плюс, Сертификат Экспресс, Стандарт Гарант).

Буга байланыштуу 12-ноябрда П.К.нын үйүндө, ошондой эле ага караштуу фирмалар жайгашкан үч даректе тинтүү иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында ишке тиешелүү документтер, акча каражаттары: 28 миң доллар, 1 миллион 997 миң сом жана 99 миң рубль, мөөрлөр, кыймылсыз мүлккө документтер ж.б. алынды.

Учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14964