Бишкекте үйдүн короосуна ташталган ымыркай. Милиция маалымат берди
RU

Бишкекте үйдүн короосуна ташталган ымыркай. Милиция маалымат берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин Арча-Бешик конушундагы үйлөрдүн биринин короосунан ымыркай табылып, окуянын видеосу тарады. Анда жаңы төрөлгөн бала милиция кызматкерлери тарабынан Бишкектеги төрөтканалардын бирине жеткирилгени айтылган.

Бул окуя боюнча Ленин РИИБинен Kaktus.kg сайтына учурда наристенин апасын табуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдиришти.

19-ноябра саат 22:45 чамасында Бишкек ШИИББдин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү тушкөн. Анда Арча-Бешик конушундагы Кара-Кужур көчөсүндөгү үйдүн дарбазасынын жанынан целлофан баштыкка оролуп, коробкага салынган абалда ымыркай табылганы айтылган.

Жерине Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгып, факты ырасталган. Окуя каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Учурда ымыркайдын (эркек бала) төрөтканада жатат, ага дарыгерлер көзөмөл жүргүзүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14976