Бишкекте дагы 8 көчө бир тарапту болот. Тизме
RU

Бишкекте дагы 8 көчө бир тарапту болот. Тизме

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарында жолдордогу тыгынды азайтуу, транспортторду өткөрүүнү жакшыртуу максатында мурда макулдашылган бир тараптуу жана эки тараптуу кыймыл схемаларына айрым өзгөртүүлөр киргизилет. Борбор калаа башкармалыгынан билдиришкендей, көчөлөрдө жол кыймылынын тартибине өзгөртүүлөрдү 2024-жылдын 8-январына чейин киргизүү пландалууда.

Ошентип зарыл болгон жол белгилерин орнотуу менен көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде эки тараптуу кыймыл уюштурулат:

  • Т.Кулатов көчөсүнүн И.Панфилов көчөсүнөн Ю.Логвиненко көчөсүнө чейинки бөлүгү;
  • Ж.Бөкөнбаев көчөсүнүн Эркиндик проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Мындан тышкары көчөлөрдүн төмөнкү тилкелеринде бир тараптуу кыймыл уюштурулат:

  • Ж.Турусбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
  • Т.Үмөталиев көчөсүнүн Жибек Жолу проспектисинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
  • К.Акиев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
  • К.Тыныстанов көчөсүнүн М.Фрунзе көчөсүнөн Ж.Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
  • И.Раззаков көчөсүнүн Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү (түндүктөн түштүккө карай);
  • А.Орозбеков көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай);
  • Гоголь көчөсү Жумабек көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин (түндүктөн түштүккө карай);
  • А.Сүйүмбаев көчөсүнүн Москва көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгү (түштүктөн түндүккө карай).

Бишкек шаарынын мэриясы жогорудагы өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле жасап, жолдордо этият болуп, жол эрежесин сактоону суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15153