Айдоочулардын эсине! Сыдыгалиев көчөсүнүн бөлүгү бир тараптуу болот
RU

Айдоочулардын эсине! Сыдыгалиев көчөсүнүн бөлүгү бир тараптуу болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаардык мэриясы 28-апрелден баштап Садыгалиев көчөсүнүн бир бөлүгү бир тараптуу болорун маалымдайт. Мындай чечим унаалардын өтүүсүн, жол коопсуздугунун деңгээлин жогорулатуу жана жол кырсыктарынын санын азайтуу максатында кабыл алынган дешет мэриядан.

Буга чейин жолдун аталган бөлүгүндө изилдөө жүргүзүлүп, С.Садыгалиев көчөсү менен бара жаткан унаалардын агымы көп экени такталган. Мындан улам С.Садыгалиев көчөсүнүн А.Волкова көчөсүнөн Дэн Сяопин проспектисине чейинки бөлүгүндө бир тараптуу кыймыл уюштуруу чечими кабыл алынды.

"Урматтуу айдоочулар! Көчөнүн жогоруда аталган бөлүгүндө бара жатканда абайлаңыздар жана жол эрежесин сактаңыздар", - дешет мэриядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11806