Блогерлер Арген менен Аружан жол кырсыгына кабылды
RU

Блогерлер Арген менен Аружан жол кырсыгына кабылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Блогерлер Арген Асанов менен Аружан Бекешева Баткенге бара жатып жол кырсыгына кабылышты. Бул тууралуу блогер өзү социалдык тармактагы баракчасында жазып, сүрөт менен бөлүштү.

Белгилесек, түгөйлөр буга чейин Баткен шаарында чай концерт өткөрүүнү пландап жатышкан.

Ал эми Баткен облустук жол кыймылын көзөмөлдөө башкармалыгынан жол кырсыгы 25-декабрда саат 12:30 чамасында катталганын маалымдады.

"Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 213-чакырымында Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Баткен шаарын көздөй бара жаткан. Айдоочу рулга ээ боло албай, машина ала салып кеткен", - дейт башкармалыктан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15202