Накталай 20 сом. Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт
RU

Накталай 20 сом. Коомдук транспорттордо жол кире көтөрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте коомдук транспорттордогу жол кире тарифи көтөрүлөт. Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары 27-декабрдагы сессиясынын отурумунда тарифти жогорулатуу боюнча маселени талкуулашты.

Анда 2024-жылдын 15-январынан баштап жол кире тарифин төмөндөгүдөй кылып бекитүү чечими кабыл алынды:

  • накталай төлөм болсо - 20 сом;
  • "Тулпар" картасы менен төлөнсө - 17 сом.
  • Megapay аркылуу төлөм жүргүзүлсө жол кире - 11 сомду түзүп, 6 сом жүргүнчүгө кэшбек катары кайтарылат.

Жаңы тариф боюнча төлөм жүргүзүү токтом расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Жаңы тарифтер (12 статей)
Кыргызстанда электр энергиясынын баасы дагы көтөрүлөт
19 Март 2024, 10:55
Январдан баштап жол кире 20 сом болот. Жаңы тариф кимдерге таасир этпейт?
28 Декабрь 2023, 14:26
Жылуулук жана ысык сууга болгон тарифти көтөрүү сунушталууда. Бирок баары үчүн эмес
15 Сентябрь 2023, 10:48
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15215