Каза болгон кичинекей Абидиндин апасы: Ок атылып жаткандыктан реанимацияга жетпей калдык
RU

Каза болгон кичинекей Абидиндин апасы: Ок атылып жаткандыктан реанимацияга жетпей калдык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Абидинди каналдан алып чыгышканда тирүү болчу. Бирок аны реанимацияга жеткирип, медициналык жардам көрсөтүп, аман алып кала алышкан жок. Анткени айылда ок атылып жаткан. Бул тууралуу баланын апасы Али Токтакуновдун "МедиаХабына" айтып берди.

Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлиги мындан мурун баланын өлүмүнүн башка версиясын билдирген болчу.

"Жолдошум экөөбүз жумушта болчубуз. Ошол кезде Тажикстан тараптан эл чогула баштады, деп айтышты. Бирок биз көңүл бурбай ишибизди уланта бердик. Ошол кезде кайын эжем ыйлап чуркап келди, Абидин агып кетти, деп. Күйөөм экөөбүз дүкөндү таштап чуркап жөнөдүк. Барсак, жездем баланы суудан алып чыккан экен. Жасалма дем алуу жасай баштадык, анан тез жардамга чалдык. Бирок, алар келгичекти чыдабай, машинага салып, Достук ооруканасына алып бардык. Алар болгон аракетин кылышты. Бирок Достук ооруканасы көп жактан даяр эмес экен, Кулундунун дарыгери баланы алып келгиле деди. Тез жардамга салып, Кулунду көздөй жол алдык. Жолдон башка машинелер токтотуп, Максат айылында атышуу болуп атат, барбагыла, өтө албайсыңар, өткөн күндө да бирөөңдү атып салат, - деди. Анан кайра Достук ооруканасына кайттык. Ал жактан кайра жасалма дем алдыруу жасап, бардык аракетти көрүштү. Бир кезде бизге "болду, үмүтүңөрдү үзгүлө, баланын пульсу болгону менен жүрөгү сокпой эле", - деп айтышты. Эң өкүнүчтүүсү Кулундуга жетпей калганыбыз болду", - деп Абидиндин апасы Динара Исабай кызы айтып берди.

"Баланын муздап бараткан денесин алып, эл менен кошо тоону көздөй качып келе бердик. Андан башка айлабыз болгон жок. Эртеси күнү жерге бердик.

Балама ок тийип, же сууга жыгылып кетип каза болду деген маалымат жалган. Ок атышуу болбогондо аман алып калмакпыз".

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1527