Бишкекте кулаган тик учак кырсыгынан жабыркагандардын бирине операция жасалды
Бишкектин четинде кулаган аскердик тик учак кырсыгынан жабыркагандардын абалы боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинен Kaktus.kg сайтына маалымат беришти.
Белгилүү болгондой, бүгүн, 18-январга карата Тез жардам ооруканасында 8 адам дарыланууда. Реанимацияда жаткан төрт бейтаптын экөө палатага которулду. Дагы бир бейтапка операция жасалган, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө. Жабырлануучулардын экөө Улуттук госпиталда, алардын абалдары дагы туруктуу.
*****
17-январда Абадан кол салуудан коргоо күчтөрүнүн 23565 аскер бөлүгүнүн аймагында окуу-машыгуу учурунда Ми-8МТВ тик учагы кулады. Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, тик учактын кыйрашынан 11 адам жабыркап, экипаждын бир мүчөсү каза болду.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/15337